Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Апрель окуясы боюнча сот эртеңкиге калды


Апрель соту айрым адвокаттардын жараянга келбей калганына байланыштуу эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев маалымдады.

Мурда кабарлангандай, апрель окуясынын бүгүнкү сот жараянында тараптардын жарыш сөзү башталмак.

2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдында 90го жакын адамдын атылышы боюнча 28 адамга айып тагылып, Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси Жаныш баштаган бир нече адамга эл аралык издөө жарыяланган.

Ал эми Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаев учурда тергөө абагында отурса, 2010-жылы жогорку кызматтарда турган Мурат Суталинов, Нурлан Турсункулов, Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев жана башка адамдар үй камагына чыгарылган.

Апрель окуясы боюнча сот иши 2010-жылдын 17-ноябрында башталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG