Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Мырзакматов митингдер боюнча күбө катары сурак берди


Ош шаарындагы нааразылык жыйыны маалында. 15.01.2014.
Ош шаарындагы нааразылык жыйыны маалында. 15.01.2014.
Ош шаардык милициясы тарабынан өткөн жылдын 2-декабрындагы жана үстүбүздөгү жылдын 15-январындагы митингдер боюнча эки кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иштеринин алкагында мурдагы шаар мэри Мелис Мырзакматов бүгүн күбө катары чакырылып, тергөөгө сурак берди. Бул тууралуу Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдирди.

Өткөн жылдын 2-декабрында Ошто камактагы депутат Келдибековдун тарапкерлери митинг уюштуруп, акимчиликке кирүүгө аракеттенген. 15-январда болсо Ош шаар мэрин шайлоо болуп, аянтка чогулган миңдеген киши мэрияга кирүүгө аракет кылып, президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн.

Кыргызстандын Башмыйзамында атуулдардын тынч митинг, коомдук жыйын уюштуруу укугу тастыкталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG