Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Франция Орусияга Евробиримдик санкциясы жөнүндө эскертти


Москва Украинадагы кризисти басуу боюнча Батыштын сунушуна оң жооп бербесе, Евробиримдик ушу аптадан кечиктирбей Орусияга санкция жарыялашы мүмкүн. Бул жөнүндө Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Француз радиосуна айтты. Анын айтымында, эгер Орусия оң жооп берсе, АКШ Мамкатчысы Жон Керри Москвага барып, санкция токтоосуз киргизилбейт. Эгер Москва жок десе, айрым орусиялыктардын Биримдикке каттоосуна, мүлк жана банк эсептерин пайдалануусуна чектөө киргизген санкция ушу жумада жарыяланууга тийиш. Фабиус 16-мартта Крымда мерчемделген референдумду мыйзамсыз деп атап, Орусиянын Крымды аннексиялоосу да мыйзамсыз болот деди. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Эстонияга барып, өлкө Украинадагыдай кризистен НАТОнун мүчөсү катары корголот деп кепилдик берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG