Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Кыргыз-кытай чек ара окуясы БУУда суроо жаратты


Бир жарым ай мурда кыргыз-кытай чек арасында орун алган окуяга байланыштуу суроолор бүгүн кыргыз делегациясына БУУнун укук коргоочулары тарабынан берилди. Чек арадан кирип келген 11 кишинин өлтүрүлүшү канчалык туура болгондугу боюнча суроого жооп берип жатып ИИМ өкүлү Шамшыбек Мамыров кыргыз чек арачыларынын бул аракети мыйзам чегинде болгонун айтып жооп берди.

23-январда Ак-Шыйрак чек ара тилкесинен Кытай тараптан мыйзамсыз кирип келген 11 киши Кытайдагы экстремист-террорчул топтун мүчөлөрү экенин жакында тастыкталган болчу.

23-январь күнү таңга жуук Жети-Өгүздөгү Ак-Шыйрак чек ара тилкесине жакын Пикертык аймагында белгисиз топ аңчылык чарбасынын башчысы Александр Барыкинди мууздап кеткен. Окуя болгон жерге “Ак-Шыйрак” чек ара бекетинин атайын тозоту барган учурда аталган топ куралдуу каршылык көрсөткөн.

Бүгүн Женева шаарында БУУнун адам укуктары боюнча 110-сессиясы жүрүп жатат. Кыргызстандын расмий делегациясын юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева жетектейт.

XS
SM
MD
LG