Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Малайзия: Жоголгон учакта жалгама паспорттуу ирандык качкын да болгон


8-мартта жоголгон малайзиялык авиалайнерге бөтөн бирөөнүн паспорту менен өткөн эки жарандын бири 19 жаштагы ирандык жигит экен. Бул жөнүндө Малайзиянын полиция башчысы Тан Сри Халид маалымдады. Ал 11-мартта Куала-Лумпурда билдиргенге караганда, ирандык жигит Германияга жетип, баш паанек алууну көздөгөн жана анын террордук уюмга тиешеси жок деген ишеним бар. Жалгама паспорттуу экинчи жаран ким экени али иликтенүүдө. 239 адамы бар “Боинг” авиалайнерин Түштүк Кытай деңизинде 10 өлкөнүн 100гө жакын кемелери жана учактары издөөдө. 10-мартта изделген аянттын масштабы эки эсе кеңейтилген.

XS
SM
MD
LG