Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

УОК Мырзакматовго байланыштуу билдирүү таратты


Улуттук Оппозициялык Кыймылдын билдирүүсүндө «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматовго "бийлик тарабынан саясый куугунтук жасалып жатат" деп айтылат. Ага ылайык, УОК 2014-жылдын 11-мартында «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматовдун Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылышын бийликтин УОКтун активдүү мүчөлөрүнө карата саясый куугунтугу деп баалайт. Ошондой эле билдирүүдө “бийлик демократиялык өнүгүүнү, мамлекеттик бийлик бутактарын реформалоону жана авторитаризмди ооздуктоону талап кылган саясатчыларга кылмыш ишин козгоп, сталиндик репрессия жолун тандап алганын тастыктайт” деп айтылган.

Оппозициялык кыймыл президент Алмазбек Атамбаевден саясый оппоненттерине карата саясый куугунтукту токтотууну жана УОК койгон маселелерди саясый диалог аркылуу чечүүнү талап кылууда.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов өткөн жылдын 2-декабрындагы жана 15-январдагы митингдерге байланыштуу күбө катары бүгүн Ош ШИИБга сурак берди. Мырзакматов ошондой эле 12-мартка Ош шаардык прокуратурасына эстакада көпүрөсүнүн курулушу үчүн жүргүзүлгөн тендер боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу да күбө катары суракка чакырылды. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG