Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Абе: Ядролук кырсыктын айынан үйүнө кайта албай жүргөндөр көп


Жапонияда 2011-жылдын 11-мартындагы цунами менен коштолгон жер тербетүүнүн үч жылдыгын эскеришти. Тынч мезгилдеги кыйраканда набыт болгон адамдарды эскерип, Токиодо өткөн зыяпатка император Акихито жана зайыбы Мичико катышты. Премьер-министр Синдзо Абе жөрөлгөдө сүйлөп:

- Ядролук кырсыкка байланыштуу алиге чейин көптөгөн адамдар үйүнө кайтып бара албай жүрөт. Аларды кадыресе жашоого мүмкүн болушунча ылдам кайтаруу жараянын тездетүү - бул кырсыктын бизге көктөн көз салып турган курмандыктарын жубатуунун бирден бир жолу,- деди.

Табигый бүлгүндө 18 миң адам курман болуп, деңиз боюндагы инфраструктура кыйраган. Фукусима атомдук электр станциясынын бир реактору эрип, жарылуу болгон. Эксперттердин айтымында, авариялык абалдагы реакторду биротоло токтотууга ондогон жылдар кетет.

XS
SM
MD
LG