Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды


11-марттан тартып Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдыманап Жолдошев журналисттерге билдирди. Каттоо 2014-жылдын 10-апрелине чейин бүтүрүүчү окуган жеринде жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөр мектептерде, мурда мектепти аяктагандар жашаган жериндеги шаардык же райондук билим берүү бөлүмү тарабынан катталат.

Жолдошевдин айтымында, быйылкы окуу жылында бардык окуу жайларга кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыктары боюнча гана жүргүзүлөт. Тестирлөө болсо үстүбүздөгү жылдын 17-майынан 21-майга чейин өтөт. Ал эми жүйөлүү себептер менен ага катыша албай калгандар үчүн июнь айында кайталап тестирлөө өткөрүлүшү мүмкүн.

Негизги жана предметтик тестирлөөгө катталуу акысы 260 сом. Анда химия, биология, физика, англис тили, математика жана тарых сабактары бар. Тестирлөө мамлекеттик жана расмий тилдерде өтөт.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнү 2002-жылдан бери аны өткөрүп жүргөн “Билим берүүнү баалоо жана окутуу ыкмалары” борбору жүргүзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG