Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:43

Атай Өмүрзаковдун бийин 200 миллион адам көрөт


Белгилүү заманбап кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков жана анын шакирттери Азамат, Саламат Абдрахмановдор жана Акыл Жолдошевдер тартуулаган концертти 200 миллион адам көрөт. Британиядагы кыргыз элчилигинин демилгеси жана чакыруусу менен "Тумар КР" бий тобу жана Өмүрзаков Англиянын бир катар шаарларында өз өнөрлөрүн тартуулашууда.

Кыргыз бийчилеринин Лондондогу алгачкы концерти 9-мартта Британ телеберүү жана радиоуктуруу корпорациясы тарабынан жаздырылып, аталган телеканалдын дүйнөдөгү 200 миллион аудиториясына көрсөтүлөт. Кыргызстандын Британиядагы элчилигинин билдирүүсүнө ылайык, бийчи Атай Өмүрзаков жергиликтүү маалымат каражаттарына маек куруп, боло турган дүйнөлүк турне пландары бар экенин кабарлады.

"Чехия жана Словакия таланттары" сынагынын 2011-жылкы баш байгесинин жеңүүчүсү жана Кытайдын "Элдик Оскар" сыйлыгынын лауреаты Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бий тобу 13-мартта Кембрижде Нооруз майрамынын урматына уюштурулган салтанатта дагы өз өнөрлөрүн тартуулашат. Лондондогу кыргыз дипломаттары бул сыяктуу иш-чаралар дүйнөгө жана Британияга кыргызстандык таланттарды таанытуу максатын көздөйт деп билдиришти. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG