Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Малайзиялык авиалайнерди издөө улантылууда


8-мартта жоголгон малайзиялык авиалайнерге бөтөн бирөөнүн паспорту менен өткөн эки жарандын бири 19 жаштагы ирандык жигит экен. Бул жөнүндө Малайзиянын полиция башчысы Тан Сри Халид Тан Сри маалымдады. Ал 11-мартта Куала-Лумпурда билдиргенге караганда, ирандык жигит Германияга жетип, башпаанек алууну көздөгөн жана анын террордук уюмга тиешеси жок деген ишеним бар. Жалгама паспорттуу экинчи жаран ким экени али иликтенүүдө. 239 адамы бар “Боинг” авиалайнерин Түштүк Кытай деңизинде 10 өлкөнүн 100гө жакын кемелери жана учактары издөөдө.10-мартта изделген аянттын масштабы эки эсеге кеңейтилгенин Малайзиянын транспорт министри Хишамуддин Хусейн 11-мартта кабарчыларга билдирди: "Бул килейген, чоң аймак. Аймакка Малайзиянын жана биздин досторубуздун кеме-учактары жайгаштырылып, масштабдуу операция жүрүүдө. Бул аракеттер олуттуу натыйжа берет деген үмүттөбүз".

“Боинг” авиалайнери Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп чыккандан эки сааттан кийин жоголгон. Жүргүнчүлөр 14 өлкөдөн, алардын көбү Кытай жарандары экени маалымдалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG