АКШнын батышындагы Колорадо штаты январь айында марихиуандан 2 миллион долларга жакын салык чогултту. Бул штатта көңүл ачуучу жайларда марихуана сатууга мыйзам уруксат берет. 10-мартта жарыяланган маалыматта каттоодон өткөн берегидей 59 мекеме январь айында 14 миллион долларга марихуана сатканы көрсөтүлөт. Андан 2 миллион доллар салык түшсө, ликер ичимдиктерин сатуудан 2,7 миллион доллар салык жыйналган.
Нидерланддарда марихуана эркин сатылат, бирок кара куурайды, апийимди өстүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган. Уругвайда болсо марихуана сатууну мыйзамдаштыруу программасы даярдалууда.
Нидерланддарда марихуана эркин сатылат, бирок кара куурайды, апийимди өстүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган. Уругвайда болсо марихуана сатууну мыйзамдаштыруу программасы даярдалууда.