Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

ТИМ: Януковичтин билдирүүсү орунсуз


Кыргызстан Виктор Януковичтин 11-марттагы билдирүүсүн орунсуз деп эсептейт жана аны Украинанын мыйзамдуу президенти катары тааныбайт. Тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү кечинде ушундай билдирүү таратты. Министрликтин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков анын мазмуну жөнүндө “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Януковичтин 11-мартта жасаган кайрылуусун орунсуз деп эсептейбиз. Кайсы гана өлкө болбосун, бийликтин бутагы эл болуп эсептелет. Калктын ишенимин жана президенттик ыйгарым укугун жоготкон, өлкөсүн таштап кеткен президент өлкө башчы болуп эсептелбейт.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Украинадагы азыркы оор кырдаалга жана ондогон кишилердин набыт кетишине Януковичтин бийлиги түрткү бергени жазылат.

Кыргызстан Украинадагы абалды эл аралык укуктук нормаларга жана БУУнун Уставына ылайык тынч, сүйлөшүү жолу менен жөндөөнү колдойт.
11-мартта Виктор Янукович Ростов-на-Дону шаарында тараткан билдирүүсүндө дале өзүн Украинанын легитимдүү президенти деп эсептээрин айткан. Ал Киевдеги үч айга созулган нааразылыктардан соң февралдын аягында Орусияга качкан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG