Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Ооганстан: Кабулда швециялык журналист өлтүрүлдү


Швециялык радиожурналист Нильс Хорнер Кабул шаарында башына ок тийип, мерт кетти. Аны калаанын бай кишилери жашаган аймагында ресторандын жанында атып кетишти. Эки күн мурда Кабулга келген журналист котормочусу менен машинеде бараткан эле. Ал ооруканага жеткирилгенден соң каза болгон.

Кабулдун кылмыш иликтөө кызматынын башчысы Сайед Гүл Ага Хашими ок атууга шектелип, эки киши кармалганын маалымдады. Бирок өлтүрүүнүн максаты анык эмес.

Окуяга талиптердин тиешеси жок экенин алардын башчысы жарыялады.

Маркум журналист иштеген радионун жетекчисинин айтымында, Хорнер Азия жана Жакынкы Чыгыш боюнча макала-баяндарды даярдачу жана алдыңкы кабарчылардын бири болгон.

XS
SM
MD
LG