Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Камал Абдулланын “Толук эмес кол жазма” романы которулду


Азербайжан акыны жана жазуучусу Камал Абдулланын “Толук эмес кол жазма” аттуу романы кыргыз тилинде жарык көрдү. Түрк тилдүү элдердин саясатын колдоочу фонддун президенти Нусрет Мамедовдун айтымында, китеп ушул фонддун жана Казакстандагы азери элдеринин маданий борборунун буйрутмасы боюнча которулуп, жарык көрдү.

Камал Абдулланын ырлары менен пьесалары орус, англис, француз, немис, испан, казак жана башка тилдерге которулган.

“Толук эмес кол жазманы” кыргыз тилине белгилүү акын жана котормочу Мукан Асаналиев менен Бектен Дыйканбай которгон. Китеп акысыз таратылат. (ATe)

XS
SM
MD
LG