Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Укук коргоочулар Илья Лукаш боюнча УКМКга кайрылды


Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши жарандык активист Илья Лукашка байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылды. Кайрылууда Лукаштын өлкөдөн чыгып кетишине түрткү болгон куугунтукту ким уюштурганын аныктоо талабы коюлган.

Укук коргоочулардын айтымында, соңку кезде Лукашты телефондон коркутушуп, белгисиз бирөөлөр үйүнүн жанынан кээде атайын күтүп турганы байкалган.

Жалалабаддык жарандык активист, 24 жаштагы Илья Лукаш буга чейин Кыргызстанда өткөрүлгөн адам укугун коргоо, кыз алуу качууга каршы, Бажы Биримдигине кошулбоого үндөө, Украинага тилектештик сыяктуу акциялардын активдүү мүчөсү болгон.

2013-жылдын декабрь айында аны белгисиз бирөөлөр токмоктоп кеткен.

Ушул жылдын 27-февралында болсо жаштардын тобу гомосексуалдардын укугун коргогон деп Лукаштын сүрөтүн өрттөшкөн.

Учурда ал Украинанын борбору Киев шаарында экенин "Азаттыкка" кечээ, 11-мартта билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG