Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Балдарга карата зомбулук менен күрөшүүгө 875 млн евро бөлүндү


Кыргызстанда балдарга карата жасалган зомбулук менен күрөшүүгө 875 млн евро бөлүндү. Каражат Европа биримдиги жана DCA Central Asia уюму тарабынан берилди. Бул тууралуу “Балдарды коргоо борборунун” өкүлү Гладис Темирчиева билдирди.

Долбоор 2 жылга созулуп, Бейөкмөт уюмдар ассоциациясы, “Адилет” укуктук клиникасы, Y-Peer жана даниялык DCA Central Asia уюмдары менен бирге ишке ашырылат.

Башкы максат - балдарга жасалган зомбулуктун бардык түрү менен күрөшүү жана өзгөчө көңүлдү Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда жашап жаткан ички мигранттардын балдарына буруу.

Уюмдун Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянып билдиргенине караганда, 2013-жылдын 11 айында 2351 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Ал эми жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын маалыматы боюнча, өткөн жылы балдарга карата көрсөтүлгөн 107 сексуалдык зомбулук факты катталган.

XS
SM
MD
LG