Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Баш прокурор Келдибековдун тарапкерлерин кабыл алды


Келдибековдун тарапкерлеринин 5 өкүлүн Баш прокурор Аида Салянова кабыл алды. Алар менен Башкы прокуратуранын ичинде сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал эми имараттын сыртында камактагы депутаттын жактоочулары митингин улантууда. Алардын саны, көз карандысыз байкоочулардын эсебинде, 400 гө жакын.

Келдибеков Социалдык фондду жана кийинчерээк Жогорку Кеңешти башкарып турганда 30 миллион сомдон ашуун акчаны жок кылып койгон деп айыпталууда. Өзү бул айып эч негизсиз экенин айтып келет. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында. Митингчилер аны үй камагына чыгарууну талап кылууда.( BkA)

XS
SM
MD
LG