Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Украинада үч орус телеканалы көрсөтпөй калды


Украинада Орусиянын "Биринчи", "РТР Планета" жана "НТВ-Мир" деген үч телеканалы көрсөтпөй калды. Украиналык провайдер мындай чечимин өлкөнүн Телерадио боюнча улуттук кеңешинин коопсуздук талабынын негизинде кабыл алганын кабарлады.

Өткөн аптада киевдик интернет-провайдерлер жогоруда аталган орусиялык ири үч телекомпаниянын сайттарына жолду бууган болчу. Бул чечим орус тараптын "украин мыйзамдарын бузуп, согушка, жек көрүүчүлүккө үндөп жатканы" менен түшүндүрүлгөн. Өз кезегинде Крымда бардык украин телеканалдары өчүрүлгөн. Мурда украиналык телекомпаниялар ээлеген жыштыктарда азыр орус телеканалдары көрсөтүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG