Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Сарууда бүгүнкүгө белгиленген жыйын да өтпөй калды


Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундары бүгүнкү күнгө белгилеген “Кумтөрдү” улутташтырууга байланыштуу жыйыны болбой калды. Себебин айыл активисттеринин бири Кайрат Качаганов "ушул тапта Ысык-Көл облусунда жаштар форуму өтүп жатканына байланыштуу эл келбей калганы" менен түшүндүрдү.

Курултай 20-22-март күндөрү өтмөй болду. Алгач айыл элинин жыйыны 10-мартка белгиленген болчу. Уюштуруу иштерине байланыштуу ал күнү өтпөй калган.

Саруу айылынын айрым тургундары “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн жылдын май айынан бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатат. (MK)

XS
SM
MD
LG