Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Ошто диний жана улут аралык бөлүнүүгө каршы форум өтөт


Өкмөттүн Ош облустук өкүлчүлүгүндө бүгүн жаштар арасында диний жана улут аралык бөлүнүүгө каршы ураан астында форум өтөт. Аны Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү менен чогуу өткөрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар билдиришти.

Форумга облустагы жети райондон жана шаарлардан чогулуп 500дөй өкүл катышат.

Жыйындын саясий өңүтү жок. Анда негизинен жаштарды туура эмес диний агымдарга кирип кетпөөгө, улут аралык ынтымакты сактоого жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн салым кошууга үндөгөн пикирлер айтылмакчы.

Форумга Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, облус жетекчиси Сооронбай Жээнбеков жана диний аалымдар катышат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG