Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Акча алмаштыруу жайларына көзөмөл күчөйт


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдөгү бардык коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда банк тармагындагы бир нече актуалдуу тема көтөрүлүп, өзгөчө көңүл март айынын башында түзүлгөн валюта базарындагы абалга бурулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Банк өкүлдөрү жеке акча алмаштыруу жайлары абалдан пайдаланып доллар менен евронун наркын көтөрүп, коомчулукта жасалма ажиотаж түзүп жибергенин белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында жеке акча алмаштыруу жайларын жаап, мындай кызматты коммерциялык банктардын алдында гана калтырууну же болбосо мыйзамды катаалдатып, норма бузгандар үчүн айыппулду жогорулатуу сунуштары айтылды.

Кечээ 12-мартта Бишкектеги бир катар жеке акча алмаштыруу жайларынын өкүлдөрү “Азаттыка” кайрылып, Улуттук банк, Каржы полициясынын текшерүүлөрү көбөйгөнүн айткан болчу.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, өлкөдөгү жыйырмадан ашуун коммерциялык банк Улуттук банктан алган лицензиянын негизинде иштеп жатат. Алар лицензиядагы талаптарды бузууга акысы жок. (EzK)

XS
SM
MD
LG