Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Милицияга өрт койгондор дагы эки ай абакта калмай болду


Бүгүн Нарын облустук соту үч милицияга өрт койгон үй-бүлөнү дагы эки ай тергөө абагында калтырды. Сот отурумун милиция күчөтүлгөн тартипте кайтарып, тараптардын жакындары имарат сыртында нааразылык акциясына чогулушту. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын туугандары "Азаттыкка" жеринен кабарлашты.

Былтыр декабрда Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иш козголгон. 21-февралда бул окуя боюнча сот болуп жатканда жабыркаган тарап темир тордо отурган үч милиция кызматкерине май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Азыр алардын экөө ооруканада, бирөөнүн абалы оор, дагы бирөөнүн ушу күнгө чейин дайыны чыкпай жатат. (EzK/JaK)

XS
SM
MD
LG