Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Украин премьери БУУнун Коопсуздук кеңешинде кайрылуу жасайт


Арсений Яценюк бүгүн кечиндеги кайрылуусунда расмий Киевдин "Крымда ушул жекшембиде өтүүчү референдум мыйзамсыз" деген турумун кайталап, өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгү менен суверенитетине басым жасары күтүлүүдө.

Яценюк БУУдагы сөзү алдында АКШ президенти Барак Обама менен жолугуп, расмий Вашингтондун Украинанын жаңы өкмөтүнө бекем колдоосун алды.

Украин премьери Крым кризисин “глобалдык проблема” деп атап, анын таасири Украинадан сырткары аймактарда да сезилерин айтууда.

Жекшембидеги референдумдун жыйынтыгы Украинанын Крым автоном республикасы Орусия тарабынан аннексияланышына алып барат деп күтүлүүдө. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG