Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Донецк шаарында кагылышууда бир адам мерт кетти


Украинанын Донецк шаарында бейшемби күнү орусиячыл жана украиначыл демонстранттар ортосунда мушташ чыкты. Натыйжада бир адам каза таап, бир канчасы жараат алып ооруканага түштү.

Шаардын борбордук аянтында чогулган жүздөгөн митингчилердин айрымдары Орусияны колдогон жазууларды көтөрүп алса, жарымы Крымды Орусия басып алышына каршы экенин билдирди.

Күч кызматкерлери аларды токтотконго аракет кылганы менен майнап чыккан жок.

XS
SM
MD
LG