Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Бишкекте Азимжан Аскаровго байланыштуу сот болот


Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн укук коргоочу Азимжан Аскаровго коюлган айыптардын мыйзамдуулугун караган отурум болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу, “Бир дүйнө - Кыргызстан” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, Июнь окуясына тиешеси бар деп өмүрүнүн аягына чейин кесилген Аскаровго коюлган айыптарда укук коргоочулар тактоо иретинде суранган фактылар далилдүү айтылган эмес. Буга байланыштуу Башкы прокуратуранын токтомун “Бир дүйнө - Кыргызстан” уюму жана Аскаровдун адвокаты сотко берген.

2010-жылы сот Азимжан Аскаровду улут аралык чатакта "милициянын офицерин өлтүрдү", "массалык башаламандыкты уюштуруучулардын бири" деп таап, эркинен ажыраткан. (SE)

XS
SM
MD
LG