Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

№47 абактын жанында Түлеевдин жакындары митинг өткөрүүдө


Бишкектеги №47 абаккананын алдында камактагы депутат Нариман Түлеевдин 100гө жакын тарапкери митинг өткөрүүдө. Алар абаккана жетекчилигинин Түлеевге карата басымын токтотууну талап кылып жатат. Митингчилердин айтымында, бейшембиде абаккана ооруканасында дарыланып жаткан Нариман Түлеевге түрмө кызматкерлери кирип, уруп-согуп, күч менен УКМКнын тергөө абагына которуу аракетин жасаган. Бирок депутат УКМКнын тергөө абагына киргизилбей, кечээ кечке соттолуучуларды ташыган атайын жабык унаанын ичинде кармалып туруп, кайра №47 абакканага жеткирилген. Натыйжада Түлеевдин абалы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Мындан улам митингге чыккандар Түлеевге карата басымды токтотуп, абаккана жетекчилерин кызматтан кетирүүнү талап кылып жатат.

Бишкектин мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Бирок депутат макул болбой, шаардык сотко арызданган. Учурда Түлеевдин арызы ошол жакта каралууда. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG