Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Керри менен Лавров Украинадагы жагдайды сүйлөшүүдө


АКШ Мамкатчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украинадагы кризис тууралуу сүйлөшүүдө. 13-мартта Керри жекшемби күнгө мерчемделгендей эле Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча референдум болсо, АКШ жана Евробиримдик олуттуу чара көрөт деп эскертти. Андан мурда Германия канцлери Ангела Меркел "Орусия багытын өзгөртпөсө, катастрофага” алып барарын айткан.

Бейшемби күнү АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр кризисти тынч жөндөөгө убакыт азайып баратканын жана эл аралык байкоочулардын өз миссиясын аткаруусуна мүмкүнчүлүк берилбей жатканын билдирди:

- Азыр, маалыматтарга караганда, региондо 20 миңден ашуун орус аскери бар. Москва этностук орустарды коргоо зарылдыгы менен актанууда. Орустар, орусиялык аскерлер эл аралык байкоочулар менен арачыларга тоскоолдук кылып, азчылыктардын укуктары бузулбашын көзөмөлдөө вазийпасын аткартпай жатат. Бул чындык жана мыйзам биз тарапта деп ишенген адамдардын жүрүм-туруму эмес.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп, Орусиянын “аскерий баскынчылыгы” дүйнөлүк коопсуздукка зыян келтирүүдө деди. Орус элчиси Виталий Чуркиндин айтымында, Москва Украинада согушту каалабайт. Ал мындай билдирүүнү Орусия Украина менен чек аралаш аймакта аскерий машыгуу баштагандан кийин жасады.

XS
SM
MD
LG