Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Баткенде талкаланган унаа үчүн каражатты тажик тарап төлөйт


Баткендин Үч-Дөбө айылына жакын жерде жергиликтүү тургундун талкаланган унаасын оңдогонго каражатты тажик тарап төлөп берет. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү билдирди. Бүгүн түшкө жуук Үч-Дөбө айылына жакын жерде жергиликтүү тургундун унаасын тажикстандык Кожо-Ало айылынын тургундары ташбараңга алган. Машинанын айнеги талкаланган. Адам өмүрүнө зыян келген жок.

Окуядан соң эки айылдын тургундары чогулуп, эки тараптан тең күч кызматкерлери барган. Жолугушуудан кийин талкаланган унаага каражатты тажик тарап чыгарууга убада берди. Мындан соң чогулган жарандар тарап кетти.

Бейшембиде Үч-Дөбө айылына жакын жерде тажик жарандары Ак-Сай айылынын ички жолун оңдоо үчүн келаткан техниканы киргизбей, тоскоолдук кылган. Буга нааразы болгон аксайлыктар Тажикстандын Ворух эксклавына өтө турган жолду бууп салган болчу.Баткендин облустук бийлик өкүлдөрү Ак-Сайга барып, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн соң жол куруучу техника айылга киргизилген. Ошондон кийин гана топтолгондор тарап, жол ачылган. (JsA/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG