Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Пакистанда зордукталган селки өзүнө өрт коюп өлдү


Амина Биби Пенжаб провинциясынын полицияканасынан маңдайында өзүнө бензин куюп өрттөгөндөн бир күндөн кийин, 14-мартта көз жумду. 17-18 жаш курактагы Бибинин айтымында, аны январда бир топ эркек, аларга кошулуп өз үй-бүлөсүндөгү эркек зордуктап салган. Полициянын кыз зордукталган эмес деген маалыматына таянып, бейшемби күнү сот анын ишин карагандан баш тарткан эле.
Пенжаб полициясынын өкүлүнүн билдиришинче, маркум менен январда болгон окуяны иликтөө үчүн тергөөчүлөр командасы жөнөтүлдү. Пакистандын Адам укугун коргоочу көзкарандысыз комиссиясы өкмөттөн Бибини зордуктаган эркектерди жоопко тартууну талап кылды. Сексуалдык зордуктоолор жана аялдарды үй-бүлөдө сабап-кордоо Пакистанда кеңири жайылган көрүнүш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG