Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Лавров менен Керри Крым боюнча бир пикирге келе албады


АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Украинадагы кризис тууралуу Лондондо өткөн сүйлөшүүсү аяктады.

14-мартта өткөн узак сүйлөшүүдөн соң Лавров АКШ жана Орусиянын Украина боюнча көз караштары дал келбегенин айтып, "санкциядан майнап чыкпайт, Керри Орусияны “эч нерсе менен коркута албады” деди. Эгер Косового “өзгөчө мамиле жасалса”, Крымга да ошондой "өзгөчө мамиле жасалыш керектигине” көңүл бурду. Крымда 16-мартта Орусияга кошулуу боюнча өтчү референдумга токтоп: “Биз буга чейин эле - президент Путиндин билдирүүсү аркылуу Крым элинин же бул жерде жашаган Крым элинин эркин сыйлаганыбызды айтканбыз. Референдумдун жыйынтыгына мамилебизди ал маалым болгондо билдиребиз. Крым парламенти өз күнкорсуздугу тууралуу декларация кабыл алган жана крымдыктардын эркин референдум тастыктайт деген тилегин билдирген,”- деди Лавров.

Лавров Орусияда Чыгыш Украинага аскер киргизүү ниети жок экенин да кошумчалады.

Жон Керри алты сааттык сүйлөшүүдөн кийин Крымдагы референдум бүткөндө президент Путин кандай чечим кабыл аларын билбесин айтты: “Узак талкуудан кийин (Орусиянын) тышкы иштер министри (Сергей Лавров) жекшемби күнкү референдум бүтмөйүнчө президент (Владимир) Путин Украинага байланыштуу эч кандай чечим кабыл алганга даяр эместигин айкын кылды”,- деп билдирди Керри кабарчыларга. Ошондой эле, добуш берүүнүн жыйынтыгын Орусия парламентинин бекитүүсү Крымды Москванын өзүнө кошуп алуусуна (аннексияга) жол ачат деп кошумчалады.

Жума күнү эртең менен АКШ президенти Барак Обама Украин кризиси диломаттык жол менен чечилет деген үмүтү бар экенин, бирок андай болбой калса, “кесепети” Орусияга тиерин эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG