Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Чек арада сабалган окуучу кыздар боюнча кылмыш иши козголгон жок


Бул тууралу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти.

Кечээ кечинде тажик-кыргыз чек ара тилкесинде орун алган Баткен районунун Көк-Таш айылындагы 7-класста окуган 5 кызды тажикстандык 9-класста окуган кыздар сабап койгон.

Окуядан кийин эки тараптан эл чогулуп, абалды жөнгөрүү үчүн барган Көк-Таш айыл башчысы Разия Өсөровага тажик чек арачылары курал такаган.

Ошол эле учурда кыргыз чек арачылары да жетип келип курал кезешип, абал курчуган. Эки тараптан чогулгандар бири-бирине таш ыргыткан. Жергиликтүү бийликтердин сүйлөшүүсүнөн кийин гана чогулгандар таркап кетишкен.

Милициянын маалыматына ылайык, окуядан денесинен жабыр тарткандар арыз менен кайрылбагандыктан кылмыш иши козголгон эмес. (JsA SA)

XS
SM
MD
LG