Линктер

жекшемби, 19-февраль, 2017 Бишкек убактысы 17:54

Орусияда кароосуз калган 7 наристе Кыргызстанга жөнөтүлдү


Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Бейшемби, жума күндөрү Москвада 7 ымыркайды Кыргызстанга репатриациялоо жараяндары жүргөн. Бул ымыркайлар Кыргызстандын жарандары тарабынан Москва шаарынын ар кайсыл төрөт жана балдар үйлөрүнө ташталган.

Ымыркайлар мекенине келгенде Кыргызстандын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан өлкөдөгү балдар үйлөрүнө жайгаштырылмакчы. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG