Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Москвада “тынчтык митинги” өттү


Москвадагы митингдин катышуучусу
Москвадагы митингдин катышуучусу
Москвада бүгүн жаан-чачынга карабай, он миңдеген эл Орусиянын Крымдагы аракеттерине каршы “тынчтык митингге” чыкты. Жөө жүрүш шаардын борборундагы Пушкин аянтынан Сахаров атындагы аянтка чейин уланып, чогулгандар оппозиция лидерлеринин сөздөрүн угушту. Сүйлөгөндөрдүн арасында “Pussy Riot” панк тобунун жакында түрмөдөн чыккан өкүлдөрү Надежда Толоконникова менен Мария Алехина да болушту. Алар элге кайрылган маалда чогулгандар “Путинсиз Орусия” деп кыйкырып турушту.

Демонстрация Крымда референдумга бир күн калганда болуп жатат. Украинанын Орусиянын аскер күчтөрү оккупациялаган Крым автономиялуу республикасында эртең “Орусия кошулуу же көз карандысыз алуу” деген суроо боюнча референдум өтмөкчү. Ошол эле маалда Москвада буга жаатташ башка митинг да өтүп, анда Орусияны колдогондор чогулушту. Полиция 10 миңден 15 миңге чейин эл чогулганын айтууда.

XS
SM
MD
LG