Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков билдирди. Учурда чек аралаш айылдарга Баткен шаарынан кошумча милиция кызматкерлери жана атайын даярдыктагы аскерлер тартылган.
Разаков бүгүн чек арадагы айылдарда түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын, ушундай эле профилактыкалык иштер кошуна тажик айылдарында да болуп жатканын кошумчалады.

Кечээ түштөн кийин Баткендин Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары ортосунда мушташ чыгып, натыйжада Ак-Сай айылынын тургундары Ворух - Исфара жолун бууган. Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары буга жооп катары Ак-Сай айылынан чыккан жолду торошкон болчу.

Жергиликтүү бийликтердин сүйлөшүүлөрүнөн соң чогулган эл түн ичинде тарап, буулган жолдор ачылган. (SA)

XS
SM
MD
LG