Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Оппозиция Мырзакматовго кысым башталганын айтып чыкты


Ишембиде Улуттук оппозициялык кыймыл Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго жана анын туугандарына таандык коммерциялык ишканаларды учурдагы бийлик өкүлдөрү тартып алууга аракет жасап жатканы тууралуу билдирүү таратты. Аталган кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбеков бул тууралуу “Азаттыкка” маалымат берип жатып, кысымга алынган ишкерлер жана соода жайлардын жетекчилери тартип коргоо органдары жана криминалдык күчтөр тарабынан коркутууларга кабылгандыктан ачык айтуудан айбыгып турганын билдирди.

Оппозициянын кайрылуусунда так көрсөтүлгөн Оштогу “Таатан” соода борбору, ОшТВ телеканалы жана Кара-Суудагы “Оомат” дүң базары тууралуу Мырзакматов үн ката элек. Ошондой эле ал буга чейин аталган ишкана, соода жайлар өзүнө тандык эместигин айтып келген.

Ош шаардык прокуратурасы март айынын башында Мелис Мырзакматовго асма көпүрөнүн курулушу боюнча эки кылмыш ишин козгогон.

Мырзакматов 11-мартта былтыр Оштун борбордук аянтында өткөн митингдерге байланыштуу суракка күбө катары чакырылган эле. (JAk/SA)

XS
SM
MD
LG