Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Баткенде кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтүп жатат


Ушу тапта Баткен шаарында кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүүсү жүрүп жатканын "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Сүйлөшүүгө Кыргызстандын коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов менен Тажикстандын президентинин жардамчысы Шерали Хайруллаев баштаган топтор катышууда. Анда чек арадагы соңку жаңжалдардын себептери, буга чейинки эки тараптуу иш алып баруунун натыйжалары каралууда.

Акыркы үч күндөн бери кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарда тараптардын биринин жолу бири тосуусу, таш атуу сыяктуу чатактар болду.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, тажик тарап транзиттик жолдордогу өткөрүү пункттарын ачуу маселесин да коймокчу. Кыргыз-тажик чек арасы 11-январдагы эки өлкө чек арачыларынын атышуусунан бери жабык

Анда Кыргызстан тараптан беш жоокер, бир милиция кызматкери, Тажикстан тараптан үч чек арачы жарадар болгон.

Бул чатактын чыгышына эки өлкө бири-бирин айыптап келет. (SA)

XS
SM
MD
LG