Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Малайзиянын жоголгон учагын издөөгө 25 өлкө тартылды


Малайзия бийлигинин билдирүүсүнө караганда, алар 239 кишиси менен жоголгон учакты издөөгө жардам сурап Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Кытай, АКШ жана башка өлкөлөргө кайрылды. Полиция учактын эки учкучунун үйүн тинтүү жүргүздү. Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак спутниктен алынган маалыматка таянып, учактын байланыш системасы толук өчүрүлгөндөн кийин ал дагы жети саат асманда болгонун кабарлаган. Муну менен премьер “учактын байланыш системасын кимдир бирөө атайлап өчүргөн” деген божомолун билдирген болчу. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG