Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Баткенде кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү өттү


Баткен облустук акимчилигинен алынган маалыматка караганда, 16-мартта Баткенде вице-премьер-министр Токон Мамытов жана Тажикстандын президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Шерали Хайруллаевдин жабык сүйлөшүүсү болду. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланды. Белгилүү болгондой, өткөн жуманын соңунда Баткен облусундагы Таш-Тумшук жергесинде чек ара аныктала элек жолго байланыштуу кыргыз-тажик тургундарынын ортосунда келишпестик чыгып, ал тартип коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен жөнгөрүлгөн. Бул окуя Ворух анклавына баруучу жолдордун жабылышына да алып келген. Баткен районунун акими Сейитмурат Калыковдун жекшембидеги билдирүүсүнө караганда, азыркы кезде кырдаал тынч. Жолдор ачылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG