Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Тогуз жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү жаран кармалды


Чүйдүн Жайыл районунда зордукталып өлтүрүлдү деп айтылып жаткан кыздын өлүмүнө шектүү катары жергиликтүү 18 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Айбек Арзыматов билдирди.

15-март күнү Жайыл райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жанынан кыздын денеси табылган. Милициянын маалыматында, ал зомбулук менен өлтүрүлгөн. Зордукталган болушу мүмкүн деген божомол да бар. Азырынча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Каза тапкан кыз райондогу мектептердин биринде 3-класста окучу. Анын өлүмүнө шектелип кармалган киши учурда сурак берүүдө. Милиция кызматкерлери анын кийиминен кан издерин тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG