Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Чоң-Алайга калың кар түштү


Чоң-Алай районунун аймагында төрт күндөн бери жаап жаткан кардын калыңдыгы жарым метрге жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мекеме кызматкерлери жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Районго алып баруучу жана аймактагы ички жолдор тазаланган.

Оштун Чоң-Алайы Кыргызстанда кыш узакка созулган аймактардын бири болуп саналат. (SE)

XS
SM
MD
LG