Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктоодо


Мамлекеттик кызматкерлер 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырып бүтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик салык кызматы эскертти.

Алдыдагы эки жума аралыгында декларацияны мамлекеттик кызматкерлерден тышкары жеке ишкерлер, патенттин негизинде салык төлөп жүргөндөр, менчигинде машине, үй жана жери барлар, дыйкан жана фермердик чарба жетекчилери тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө айып салынат.

Мүлкү тууралуу маалымат берүүнүн биринчи этабы март айынын башында аяктаган. Анда саясий, мамлекеттик жана административдик кызматтарды ээлегендердин 98% өз мүлкү тууралуу декларация тапшырган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG