Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Ташиевдин уулунун иши сотко өтөт


Оппозиция өкүлү Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев автоунаасынын айнектерин караңгылатып алганы үчүн сот жообуна тартылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

20 жаштагы Таймурас Ташиев 15-март күнү терезеси караңгылатылган машине айдап бараткан учурда Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган. Машинеси атайын кармоочу жайга коюлуп, айдоочуга карата протокол түзүлгөн. Учурда бул иш боюнча документтер Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп жатат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, терезесин атайын уруксатсыз караңгылатылган унаа айдоочусуна соттун чечими менен 1000 сом айып салынат же ал алты айга айдоочулук укугунан ажыратылат.

Өткөн жылдын декабрында Бишкектин Октябрь райондук милициясы Камчыбек Ташиевдин дагы бир уулу, 18 жаштагы Темирлан Ташиев "автомашинанын дөңгөлөгүн уурдоо максатында чыгарып жаткан жеринен кармалганын" маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG