Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Өзбекстандык укук коргоочу түрмөдөн чыккандан көп өтпөй көз жумду


Хасан Чориев, 30-январь, 2012
Хасан Чориев, 30-январь, 2012
Өзбекстандык адам укугун коргоочу Хасан Чориев ишембиде жүрөгү кармап көз жумганын анын туугандары кабарлашты. Аны өзү жашаган Шахрисабз шаарында кечээ жерге беришти.

72 жаштагы укук коргоочу январда Өзбекстандын конституциясынын 20 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс менен бошотулган эле. Аны былтыр августта 19 жаштагы кызды зордуктаган деген айып менен беш жылга камашкан.

Хасан Чориев - өзбекстандык белгилүү оппозиционер Баходыр Чориевдин атасы. Ушундан улам көпчүлүк анын камалышын уулунун саясий ишмердүүлүгү үчүн жазалоо катары сыпаттап, укук коргоочуга каршы ишти “саясий заказ” деп атап жатышкан.

Баходыр Чориев мындан 10 жыл мурун АКШга көчүп кеткен жана ал жакта “Биримдик” деген оппозициялык кыймыл түзгөн.

XS
SM
MD
LG