Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

АКШ менен ЕБ орус жана украин чиновниктерине санкцияларын жарыялашты


Бүгүн Америка Кошмо Штаттары менен Евробиримдик “Орусия Крымды оккупациялаганы үчүн” бир топ орус жана украин расмий өкүлдөрүнө каршы санкцияларды киргизишти. Президент Барак Обама жалпысынан 11 кишиге – жети орус жана төрт украин чиновнигине – “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтиришкени үчүн” жазана жарыялады. Обама Крымда кечээ өткөн референдум Украинанын конституциясын жана эл аралык мыйзамдарды бузду деди.

"Азыр кырдаалды дагы эле Орусия менен Украинанын кызыкчылыгын эске алып, дипломатиялык жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк бар деп ишенем. Орусия Крымдагы өзүнүн аскерлерин базаларына чыгарышы, Украинага кошумча эл аралык байкоочулардын киришине көмөктөшүшү, ошондой эле, конституциялык реформаларга ачыктыгын көрсөтүп, азыр шайлоого даярданып жаткан украин өкмөтүн диалогго тартышы керек", - деди Обама.

Ал мындан ары “дагы провокация болсо, Орусия дале Украинанын ишине кийлигише берсе”, кошумча жазаналар болоорун эскертти. АКШнын алдынан Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери да Украинадагы жана Орусиядагы 21 мамлекеттик расмий өкүлгө “Крымдын оккупациясына” жооп иретинде санкция киргизүүнү макулдашкан. Шаркеттин чечимине ылайык, тизмеге киргизилген чиновниктерге Евробиримдикке саякаттоо үчүн виза берилбейт жана бул жакта катталган мүлктөрү камакка алынат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG