Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Орусия Крымды көз карандысыз өлкө катары тааныды


Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин добуш берүүдө изолояцияда калды. 3-март, 2014-жыл.
Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин добуш берүүдө изолояцияда калды. 3-март, 2014-жыл.

Орус президентинин Крымды суверендүү өлкө катары таануу жөнүндөгү жардыгы бул автоном республиканын парламенти Украинадан көз карандысыздыгын жарыялап, Орусия федерациясына кошулууга расмий арыз берүүсүнүн артынан көп өтпөй эле чыкты.

Орус президентинин эсебинде, Крымда жекшембиде өткөн референдум мыйзамдуу. Кошмо Штаттар менен Еврошаркет күтүлгөндөй эле референдум жыйынтыгына санкциялар менен жооп берди. Брюссел менен Вашингтондун пикиринде, Крым референдуму Украинанын Конституциясын бузгандык, эл аралык укукту шылдыңдагандык.

Президент Барак Обама Вашингтондон АКШнын жооп чараларын жарыялап жатып, буларды айтты:

- Президент Путинге мен кечээ айткандай, Крымдагы референдум Украинанын Конституциясын жана эл аралык мыйзамды ачык бузуу болду жана ал эл аралык коомчулук тарабынан таанылбайт. Биринчиден, мен эки апта мурда кол койгон жардыкка ылайык, биз Украинанын суверенитетине, аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген жеке адамдарга санкция киргизип жатабыз. Биз буга окшогон чаралардын кесепети болорун аныктадык. Экинчиден, мен биздин санкциялардын чөйрөсүн кеңейткен жаңы буйрукка кол койдум. Алгачкы кадам катары Орусиянын курал-жарак секторунда иштеген расмий өкүлдөргө, ишканаларга, орус өкмөтүнө материалдык колдоо көргөзгөн кызмат адамдарга санкция колдонууга уруксат бердим. Эгер Орусия Украинанын ички ишине кийлигишүүнү улантса, биз кошумча санкция киргизүүгө даярбыз.

АКШ президенти Крым талашын дипломатиялык жол менен чечүүгө али мүмкүнчүлүк бардыгын да кошумчалады.

АКШ санкция жарыялаган орус расмий өкүлдөрүнүн тизмесинде Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, өкмөттүн вице-премьери Дмитрий Рогозин, президент Путиндин кеңешчилери Сергей Глазьев менен Владислав Сурков, Мамдуманын үч жана Федерация кеңешинин бир депутаты бар.

Украинадан болсо америкалык кара тизмеге бийликтен кулатылган президент Виктор Янукович, Крымдын саясий лидерлери: өзүн премьер-министр деп атаган Сергей Аксенов жана парламент төрагасы Владимир Константинов бар.

Орус думасынын санкцияга кабылган депутаттарынын бири Елена Мизулина АКШнын чечимин мындайча комментарийледи:

- Биз санкцияларды күткөнүбүз менен чечим түшүнбөстүк жаратат. Анткени менин жана менин үй-бүлө мүчөлөрүмдө Орусия тышында банк эсептерибиз же кыймылсыз мүлкүбүз жок. Болгону укуктук көз караштарыбыз, нравалык принциптерибиз, Орусияга ишенимибиз бар.

Кечээ жарыяланган санкциялары дагы кеңейтилиши ыктымалдуулугун Еврошаркет өлкөлөрү да айтууда.

Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Брюсселдин чараларын чечмелеп:

- Бул келечекте өзгөрбөй турган тизме эмес. Орусия Крымдагы референдумга кандай реакция жасарына жараша башка адамдар да киргизиле алат. Референдум реалдуу демократияны келеке кылгандык болду, - деди.

Еврошаркеттин кара тизмеси АКШныкынан узунураак. Ага орусиячыл украиналыктар менен орусиялык расмий өкүлдөрдөн 21 адам киргизилген.

Расмий Киев болсо Крым референдумунун жыйынтыгына армияга жарым жартылай мобилизация жарыялоо менен жооп берди. Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов кечээ кечиндеги телекайрылуусунда мындай деди:

- Биз эл арасында жоготуу болбошу үчүн, жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Анткен менен өлкөбүзгө туулган аскерий коркунуч реалдуу. Ушундан улам мен бүгүн жарым-жартылай мобилизация жарыялаган жардыкка кол койдум. Биздин парламент бул чечимди колдоду.

Турчинов өз сөзүндө Орусиянын саясий жетекчилигин “империялык кыял" менен жашап, Украинанын “согуш менен коркутууда” өлкөгө “тополоңчулар менен чагымчыларды” жөнөттү, “жикчилерди” каржылоодо деп да айыптады.

Президенттин милдетин аткаруучунун жардыгына ылайык, армияга резервден 40 миң киши чакыртылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG