Нооруз майрамына карата Коргоо министрлиги аскердик бөлүктөр жана мекемелер арасында улуттук күрөш боюнча мелдеш өткөрүүдө. 17-мартта башталган чемпионат 19-мартта соңуна чыгат. Онго чукул аскердик бөлүктүн жана Куралдуу күчтөрдүн аскердик институтунун курама командалары катышкан мелдештин жеңүүчүлөрү грамота, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты. (AiT)