Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Азербайжанда оппозиция өкүлдөрү камалды


Азербайжандын Саки шаарынын соту Республикалык Альтернатива кыймылынын лидери Илгар Мамедовду жети жылга, "Мусават" партиясынын башчысынын орун басары Тофик Якублуну жети жылга кести. Дагы сегиз киши 2,5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылды. Алардын баары 2013-жылы Исмаиллы шаарында массалык башаламандыкка катышкан деп айыпталды. Анда нааразылыкка чыккандар райондун акимин кызматтан кетишин талап кылган эле. АКШнын Азербайжандагы элчилиги соттун чечимин далилдерге таянбаган жана саясий багытта болду деп дүйшөмбү күнү сынга алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG