Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

Ирандын ядролук программасы Венада талкууланат


Бүгүн, шейшемби күнү Вена шаарында Иран жана ири алты мамлекеттин өкүлдөрү жолугуп, Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну кеңешет. Кеңешүү Ирандын ядролук мекемесинин жетекчилеринин бири Асгар Зареандын билдирүүсүнөн кийин чыңалуу шартында өтөөрү маалым болууда.
Асгар Зареандын сөзү боюнча, чет өлкөлүк атайын кызматтар Арактагы ядролук реакторго “мандемдүү” насос саткан. Курулуп бүтө элек бул реактор ядролук курал жасоого колдонуучу плутоний чыгарууга жөндөмдүү. Иран ядролук программасын үзгүлтүккө учуратууга умтулууда деп АКШ жана Израилди айыптап келатат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG