Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Мамлекеттик акчаны кымырып алууга шектүүлөр кармалды


Чүй облусунун Панфилов райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерине карата кылмыш иш козголду. Ал жасалма документтер аркылуу мамлекеттин 53 877 сом акчасын кымырып алган деп шектелүүдө. Ал каражатты 2011-жылдан бери түрдүү документтер менен өзүнө алып алганын бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары, ушул эле райондун Ортоев айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери өткөн жылы жасалма документтер аркылуу 193 500 сомду кымырып алууга шектелип колго түшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG