Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Президент чек ара көйгөйлөрүн талкуулады


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн вице-премьер-министри Токон Мамытовду кабыл алып, чек ара маселесин талкуулады. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Мамытов чек ара коопсуздугун чыңдоо, коңшулар менен чектеш аймактарда пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берди. Жолугушууда делимитация жана демаркация боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сөз болду.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш айрым участоктору такталып бүтө электигине байланыштуу аталган аймакта жер, суу талаш сыяктуу жаңжалдар соңку жылдары көбөйдү. (RK)

XS
SM
MD
LG